ЭТЕГИНЕ ЖЫГЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Мүнкүрөп көз каранды болуу, колдон түшүп сурануу, кечирим суроо. Башкарма мүчөлөрү анын этегине жыгылып, жалынып-жалбарат деген ойдо эле (Ашымбаев). Эркек башың менен эрди-катындын этегине жыгылып элчилик сурадың (Эралиев).